• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолуна жер көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Күн мурун 10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

"Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү "Чайна-Роуд" ишканасы тарабынан жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан пост уюштурулган.

Эскерте кетсек, ошол эле тилкеде 28-апрель күнү 1900 м3 жер көчкү жолго түшүп, 29-апрель күнү ачылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий