• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу. 35 чакырымы бүткөрүлдү

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде бүгүн 9 айдын жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү.

Министрликтин Экономика, анализдөө жана стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Дүйшөбаев жаңы темир жол линияларын куруу долбоорун ишке ашыруу жана ички темир жол тармактарын өнүктүрүү боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Балыкчы – Кочкор темир жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө. Азыркы учурда 35 чакырым аралыгы бүткөрүлдү.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 6-июнда Пекин шаарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосунда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол долбоорун биргелешип алдыга жылдыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий