• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Улуттук банк акыркы айдагы интервенциялардын себебин түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 01.12.20. /Кабар/. КРнын Улуттук банкы акыркы айдагы интервенциялардын себебин түшүндүрдү. Банктын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ички валюта рыногунда ноябрь айында чет өлкө валютасына болгон сунуштан ага карата суроо-талаптын жогорулагандыгы байкалган.

"Тышкы факторлор, атап айтканда, товардык-чийки зат рынокторундагы волатилдүүлүк, COVID-19 пандемиясынан улам бир катар өлкөлөргө чектөөлөрдү кайрадан киргизүүгө жана ага байланыштуу глобалдуу экономикадагы терс натыйжалар улуттук валютанын курсуна басым көрсөтүү факторлорунан болгон жана ал алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу үчүн Улуттук банк тарабынан валюталык интервенцияларды жүргүзүүнү шарттаган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук банк ноябрь айында интервенцияларды жасап, жалпысынан валюта рыногуна 84,7 млн доллар сатыкка чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий