• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бакетаев: 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

“Келерки жылы бюджет профицит менен аткарылат. Бюджеттин алгачкы долбоорунда 19,6 млрд сомго жакын профицит каралган. Андан соң, парламенттеги талкууда министрликтердин кошумча чыгымдары боюнча айтылып, муну эске алуу менен профицит көрсөткүчү 10,9 млрд сомго өзгөрдү”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 14-декабрда Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырган.

Алсак, келерки жылы киреше 378,4 млрд сом болуп, чыгаша 367,5 млрд сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сомду түзөт. Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий