• 86.2
  • 92.12
  • 0.88

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

Экономика 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. 2019-2021-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы салыктык башкаруунун дистанциялык ыкмаларын киргизүү жана өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу аркылуу мындан ары карай салыктык башкарууну жакшыртууга (таасирдүү иштеген заманбап салыктык башкарууну түзүү) жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле салык төлөөчүлөр жана салык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын так жана өз убагында аткарууну камсыздоого багытталган.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган:

- салыктык башкарууну автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аралыктан өз ара аракеттешүү негизин түзүү;

- көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсүн түзүү;

- ЕАЭБде салыктык башкаруу бөлүгүндөгү интеграциялык процесстерди колдоо;

- салык кызматынын ишмердигин кеңейтүү.

Аталган документти ишке ашыруу башкаруу процедураларын жеңилдетүү жана салыктык милдеттерди салык органдарынын кызмат адамы менен түз байланышсыз, электрондук түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камтыйт. Бул салык төлөөчүнүн бюджеттик төлөмдөр боюнча милдеттерин аткарууда убакытысын үнөмдөп, материалдык чыгымдарын кыскартууну камсыз кылат.

Ошону менен бирге, Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында каралган бардык чаралар экономиканын бейформал тармагынан көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү чыгарууга багытталган, бул салык базасын бир кыйла кеңейтип, салыктык түшүүлөрдү өстүрөт.

Пикир

Оставить комментарий