• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жашоо минимуму 7 миң 681 сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-жылы өлкө боюнча жашоо минимуму орто эсеп менен 7 миң 681 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 7%га өскөн.

“Жашоо минимуму эмгекке жөндөмдүү курактагы адамдарга 8 миң 579 сом, пенсия курагындагыларга 6 миң 816 сом, балдар үчүн 6 миң 544 сом деп эсептелди”, - деп маалымдады ал.

Керималиева кошумчалагандай, 2023-жылы жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Жалал-Абад облусунда катталып, 7 миң 931 сомду түзсө, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчү Талас облусунда катталып, 7 миң 130 сом болгон.

Пикир

Оставить комментарий