Бишкек, 21.12.24. /Кабар/. Балыкчы шаарына ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров III Элдик курултайда билдирди.
Курултайда Балыкчы шаарынан келген делегат аталган калаага ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча маселе көтөргөн.
Өлкө башчысынын айтымында, учурда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына үйлөр курула баштады.
“Балыкчы шаарына дагы ипотекалык үйлөдү курабыз. Бул боюнча иштер жүрүүдө”, - деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетсек, Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө, ага президент, министрлер кабинетинин өкүлдөрү жана жер-жерлерден келген делегаттар, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда.
Пикир
Оставить комментарий