Балыкчы шаарында “Касиеттүү Балыкчым” улуттук форуму өттү

Аймак 0

Балыкчы, 11.06.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Балыкчы шаарында “Касиеттүү Балыкчым” улуттук форуму болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиев, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу, манасчылар, кыргыз эл агартуучулары жана шаар тургундары катышты.

Мамлекеттик катчы куттуктоо сөзүндө каада-салттарды жана үрп-адаттарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Улуттук нарк жана аны ишке ашыруу боюнча мамалекеттик программанын алкагында, Кыргызстандын аймагында “Кутту эл” улуттук форуму өтүп жатат. Форумдун максаты – калкыбызды өзөгүнө кайтарып, ким экенибизди билиш үчүн жаштарга ушул иш-чараны өткөрүп жатабыз”, - деди ал.

Форум өлкөнүн жарандарын бийик моралдык нормаларды, ата-бабалардын улуу салттарын, жүрүм-турум баалуулуктарын өздөштүрүү аркылуу тарбиялоо максатын көздөп, жарандарга адамзаттын баалуулуктарын сиңирүү менен кыргыз элин жана дүйнө коомчулугун маданий-руханий жактан байытууга багытталган.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы, манасчы Кааба Атабек уулунун 100 жылдыгы, манасчылар Уркаш Мамбеталиев жана Сапарбек Касманбетовдун 90 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий