• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде COVID-19га каршы эмдөөгө үндөгөн облустук акциясы старт алды

Аймак 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда, Баткен шаарында коронавирус илдетине каршы эмдөөгө үндөгөн облустук акциясы старт алды. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акцияга Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери жана биргелешкен борбордук оорукананын ак халатчан даарыгерлери, облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

"Коркунуч жараткан илдетке каршы уюштурулган акцияда облус башчысынын орун басары сөз сүйлөп, вакцина алуу зыян эмес экенине токтолуп, ар бир жаран өзүнүн жана жакындарынын сак саламат жашоосу үчүн коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүсү менен аталган илдетти жеңүүгө болоорун баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Акцияда Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбаевда сөз сүйлөп, калктын илдетке каршы вакцина алуусу боюнча маалымат берип, жалпы облустун тургундарын COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө активдүү катышууга чакырды.

Аталган акция 10 күн бою облустун бардык район, шаарларында жер-жерлерде өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий