• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Концерт, сууда сүзүү мелдеши. Оштогу балдар майрамынын программасы

Аймак 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош шаарында бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Төмөндө иш-чаралардын тизмеси:

- 1-июнь, саат 09:00дөн 14:00гө чейин Т. Сатылганов сейил багында балдарга жомоктордон көрүнүш көрсөтүлүп, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун таланттары жана “Үмүт береке” коомдук фонду тарабынан даярдалган майрамдык концерт;

- саат 14:00дөн 16:00гө чейин “Дельфин” бассейнинде маданий, спорттук оюн-зоок иш-чарасы, сууда сүзүү мелдеши;

- саат 16:00дөн 17:00го чейин “Санжыра” этно-комплексинде балдар үчүн концерттик программа өтөт.

Пикир

Оставить комментарий