• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

КР эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Минск шаарында иллюстративдик-китеп көргөзмөсү уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-августунда Минск шаарындагы КМШнын Штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган иллюстративдик-китеп көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көргөзмө Кыргызстандын Беларустагы элчилиги КМШнын Аткаруу комитети менен биргеликте уюштурду.

Тематикалык экспозицияда Кыргызстандын тарыхы, жаратылышы, жашоо-тиричилиги жана кооз жерлери тууралуу тартылган фотосүрөттөр коюлду.

Көргөзмөнүн дагы бир бөлүгүнө адабий стенд уюштурулуп, анда Чыӊгыз Айтматов, Сооронбай Жусуев, Насирдин Байтемировдун чыгармалары, арасында беларусь тилине которулган китептер коюлду. Мындан тышкары китеп экспозициясында дүйнөдөгү эӊ чоӊ эпос – «Манас», «Семетей», Сейтек» трилогиясы кошо коюлду.

Азыркы Кыргызстандын жетишкендиктерин сүрөттөгөн видеоролик көргөзмөнүн кошумча экспонаты катары тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий