• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Балыкчы шаарындагы маданият үйү оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн оңдоп-түзөө иштери аяктады, - деп билдирет Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине аталган фонд тарабынан 4 млн 780 миң сом бөлүнгөн. "Бул каражатка имараттын сырты жана ичи, кийинүүчү жана иш бөлмөлөрү, ички даратканасы жасалды. Ошондой эле отургучтары толугу менен жаңыртылып, суу түтүктөрү тартылып келинди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Балыкчы шаарындагы маданият үйүнүн имараты 1968-жылы курулган. Курулгандан тарта бул имаратта толук кандуу оңдоп-түзөө иштери биринчи жолу жүргүзүлдү. Буга чейин жарым-жартылай оңдоодон өткөрүлүп келген.

Пикир

Оставить комментарий