• 87
  • 90.59
  • 0.86

Балыкчыда бир катар социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 27.12.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык инфраструктура объектилерин мамлекетке кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Алсак, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан №455 даректеги спорт комплексинин ашканасы жана жатаканасы, ошондой эле №207 даректеги мурдагы “Якорек” бала бакчасынын имараты боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтери прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз деп табылды.

Шаардык прокуратуранын прокурордук актыларынын жыйынтыгы менен жалпы орточо базар баасы 11 млн 962 миң сомду түзгөн бул үч социалдык объект мамлекетке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий