• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

20-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-21-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарыл.

Синоптиктердин маалыматына таянсак, бүгүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 10…15, Таласта 9…14, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүзгү абанын табы күндүз 3…8 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаабайт, абанын температурасы 13…15 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий