• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Атамбаев Жээнбековду куттуктап, өзү жазган батасын окуп берди (текст)

Коом 0

Бишкек, 24.11.17. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө Кыргызстандын президенти кызматына киришти.

Инаугурация Бишкектеги мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынын “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Жээнбеков ант берди. Андан соң, БШК Төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин тапшырды.

Андан сырткары, Алмазбек Атамбаев президенти штандарты – Кыргызстандын желегин өткөрүп берди.

Салтанаттын жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, аягында КР президенти Сооронбай Жээнбековго өз батасын берди.

О, Жараткан!

Кыргыздын жаңы ажоосун

Кырсыктын балаасынан сакта,

Душмандын залаасынан сакта!

Дос көрүнүп, кас болгондон сакта,

Жанында жүрүп, өч болгондон сакта!

Соке, досум!

Берекет жаныңдан кетпесин,

Бак-дөөлөт башыңдан кетпесин!

Жорткондо жолуң шыдыр болсун,

Жолдошуң касиеттүү Кыдыр болсун!

Жараткан ар дайым сени колдосун,

Аман бол, бактылуу бол, Соке досум!

Элибизге акжолтой ажо бол, Соке досум!

Оомийин!

Жараткан элибизге биримдик,

Жерибизге берекет берсин!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!”

Пикир

Оставить комментарий