• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте ишкерлик көргөзмөлүк борбор курулат

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Бишкекте ишкерлик көргөзмөлүк борбор курулат. Бул тууралуу КР президентинин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу преспективалары жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсү 8-9-декабрда жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алдында Бишкек инвестициялык саммитинде талкууланды. Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Эл аралык компаниялардын жана 12 өлкөнүн каржылык институттарынын жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, Кыргызстандын Программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясы катышуучуларга “Инвестицияларды тартуунун шартында IT рыногунун көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү. IT шаарчаны жаратуу” бет ачарын тартуулады.

“Ишкерлик көргөзмөлүк борбору жана инвестициялык-каржылык хаб” долбоору технологиялык долбоорлорго инвестицияларды тартуу маселелери, анын ичинде эркин экономикалык аймактар боюнча да мыкты адистердин коштоосунда иштелип чыккан. Ал боюнча көргөзмөлүк мейкиндиктерден, конференц-залдардан жана 1200 кишиге ылайыкташкан конгресс-холлдордон турган заманбап бизнес-комплексти куруу каралган.

Бишкекте ишкерлик көргөзмөлүк борборун жана каржылык-инвестициялык хабды жаратуу долбоору төмөнкү максаттарды көздөйт:

  • Кыргызстанда Эл аралык ишкерлик активдүүлүк үчүн шарттарды түзүү;
  • Эл аралык ири инвесторлор менен өнөктөштөрдү тартуу;
  • Кыргызстандын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүнө көмөктөшүү;
  • Кыргызстандын кадрдык дараметин жогорулатуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү;
  • Бизнести, жашыл каржыларды, заманбап технологияларды, социалдык жана башка улуттук программалар менен пландарды өнүктүрүү.

Долбоор АЭКБнын Жашыл каржылар борбору тарабынан Кыргызстандагы ЭЭАларды өнүктүрүү боюнча Борбор-Азиялык корпорация менен өнөктөштүктө иштелип чыккан.

5 жыл ичинде курулуп бүтүрүлүүсү пландаштырылып жаткан борбор кеткен чыгымдарды 25 жылда актап, жаңы 6000 жумуш ордун камсыздоо менен бюджетке жыл сайын 22 миллион доллар салык төлөп турмакчы.

Талкуулардын жыйынтыгында "КР президентинин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттик менен Астана Эл аралык каржылык борборунун Жашыл каржылар борборунун ортосунда өз-ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу” меморандумга кол коюлду.

Документке КР президентинин алдындагы Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев менен Астана Эл аралык каржылык борборунун Жашыл каржылар борборунун башкы директору Айдар Казыбаев кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий