• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте кинофестивалдын алкагында дүйнөлүк кино өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда семинарлар өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында дүйнөлүк кино өндүрүүчүлөрдүн катышуусунда семинарлар өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Күн мурун CAF (Central Asian Film Projects Pitching) питчингдин алкагында дүйнөлүк киноиндустриянын адисттери Леонид Годик, Паоло Мария Спина, Нусрат Дуррани, Джонатан Шендин семинарлары башталды.

Семинардын жүрүшүндө эл аралык биргелешкен кино өндүрүш, кинодолбоорлорду жайылтуу жана кино ишмерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз болууда.

Германиялык кинорежиссёр Леонид Годик, “Эл аралык кино долбоорлор жана аларды жайылтуу - кечээкиси, учурдагы абалы жана келечеги” аттуу баяндамасында төмөнкүлөргө токтолду.

“Көп жылдардан бери контент жаратуу өндүрүшүнүн тез өсүшүнөн жана рынокко жаңы оюнчулар киргенден кийин, драма сериалдарынын келечеги табышмактуу сезилүүдө. Учурда бириктирүү фазасынын чегинде тургандайбыз. Бул контексттен алганда мастер-класстын максаты, кыска жана узак мөөнөттүү өнүгүүгө жол ачуу, ар кандай сценарийлерди жаратуу жана келечекке көз чаптыруу” болуп саналат”, - деди ал.

Ал эми италиялык продюссер Паоло Мария Спина “Борбордук Азия менен Европанын биргелешкен өндүрүшү. Европанын кино жана телекөрсөтүү рыногуна башка континенттерден кирүү мүмкүнчүлүктөрү” аталышындагы баяндамасында кино тармагын Италия менен биргелешип өндүрүүнүн жолдорун, Борбор Азия менен Европанын ортосундагы кино өндүрүшү жана италиялык адистер менен кызматташуу боюнча кеңири маалымат берди.

Ал эми Кытай Эл Республикасынан келген режиссёр Жонатан Шен Борбор Азия менен Кытай кинорежиссерлорунун кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат берип, Кытайдагы кино өндүрүнүн контентти, аны Азияга таратуунун жолдору жана Кытай өндүрүүчүлөрү менен иштөө өзгөчөлүктөрү боюнча айтып, практикалык кеңештерди берди.

Кинофестивалдын алкаганда 19-20-ноябрь күндөрү семинардык талкууда Италия, Венгрия, Индия, Франция, Кытай, Тунис, Улуу Британия, Швейцария жана башка өлкөлөрдөн келген адистер копродукция (биргелешкен тасмаларды тартуу) маселелерин жана кино тармагындагы фестивалдардын ордун талкуулашат.

Жыйынтыгында CAF Pitch (Central Asian Film projects Pitching) уюштурулуп, 10 долбоор тандап алынат. Питчингде жаш таланттарды аныктоого жана дебюттук долбоорлору менен режиссерлорду колдоого артыкчылык берилет.

Ошондой эле CAF Pitch алкагында бир нече долбоор Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен 2024-жылы боло турган Канн кинофестивалына Борбордук Азия кинематографиясына арналган жана Франциянын Улуттук кинематография жана анимация борбору менен биргеликте уюштурулган биргелешкен өндүрүш (Копродукция) боюнча Питчинге конкурска катышпастан жолдомо алат.

CAF Pitch калыстар тобу катары эл аралык кинофестивалдардын өкүлдөрү, көз карандысыз продюсерлер жана дистрибьюторлор катышууда.

Семинар бүгүн, 20-ноябрда саат 10:30 Кыргызпатенттин инновациялык борбору, Эркиндик 58а дарегинде уланат.

Пикир

Оставить комментарий