Балыкчыда мыйзамсыз мекчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке алынды

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратураданг билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилерине карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 5650 чарчы метр түзгөн бала бакчанын имараты жер тилкеси менен прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин эсебине алынды. Ал эми мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылган.

Белгиленгендей, аталган имарат 52 млн 360 миң сомго бааланган.

Мындан ары, социалдык объект ѳзүнүн багыты боюнча мектепке чейинки мекеме болуп пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий