• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чынбаева ЖАМК №2 мекемесиндеги камакта жаткан аялдардын кармалуу шарттары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Степное айылында жайгашкан №2 мекемесине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Асель Чынбаева бул мекемеде жазасын өтөп жана үч жашка чейинки балдары бар соттолгон аялдардын кармалуу шарттары, камсыздалышы жана тиричилиги менен таанышты.

Асель Чынбаева балдарды жана алардын энелерин медициналык камсыздалуу, өз убагында эмдөө жана алдын алуудан өтүү маселелерине, ошондой эле эл аралык донорлор менен өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдарга өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, ал балдарын камкордукка алуу боюнча кайрылган эки соттолгон аял менен жеке баарлашып, анын жүрүшүндө алардын укуктары түшүндүрүлүп, тийиштүү инстанцияларга кайрылуусу үчүн сунуштар берилди.

Ошондой эле, балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Мекеменин кызматкерлери менен баарлашып, анда соттолгон аялдарга психологиялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп жана кызматкерлерге эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий