• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Балыкчыда жергиликтүү тургундар диний-экстремисттик идеологиядан баш тартты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Балыкчы шаарынын тургундарына "Йакын Инкар" диний-экстремисттик кыймылынын 6 мүчөсүнө түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү "Йакын Инкардын" радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүп, ага мүчө болуудан өз ыктыяры менен баш тартышты.

Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында УКМК тарабынан расмий эскертүү берилди.

УКМК жарандарга Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн каралган кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертет.

Пикир

Оставить комментарий