Балыкчыда ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусуна даярдыктар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 09.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда коргоо министринин биринчи орун басары жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев Балыкчы шаарында ЖККУнун тынчтыкты сактоо күчтөрү менен "Бузулбас боордоштук-2023" биргелешкен машыгуусуна карата даярдыктарды текшерди.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө машыгуу өткөрүлө турган аймакка ("Эдельвейс" окуу борбору) рекогносировка жүргүзүлүп, 20636 аскер бөлүгүнүн объектилери текшерилди.

Жеринде машыгуунун өтүү районунун даярдыгы, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин тамактануусун уюштуруу жана жайгаштыруу, ошондой эле окуу материалдык базасы текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча министрдин тапшырмаларды тактап, аныкталган кемчиликтерди жоюу жана машыгуу өткөрүү районунун жана бөлүктүн инфраструктуралык объектилерин мындан ары эл аралык машыгууларга даярдоо боюнча тиешелүү кызмат адамдарына көрсөтмөлөрдү берди.

Пикир

Оставить комментарий