• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ошко кире бериштеги арканын жанында тыгынды азайтуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен арканын шаарга кире беришинен сол тарапка кыймыл ачуу үчүн тийиштүү иштер башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолдун Алымбек Датканын эстелигине чейинки бөлүгүндөгү бордюрларды алып салуу иштери жүрүүдө. Тиешелүү кызматтар атайын техникалары менен иштеп жатат.

"Демонтаждоо иштери аяктаган соң жол белгилери коюлуп, жол чырактар орнотулат. Көчөгө шагыл төгүлүп, жол тегизделет. Ал эми жаз мезгилинде асфальт төшөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга жуук мэр тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ы.Монуев көчөсүндөгү арканын жанындагы жолдун абалын көрүп, тыгынды азайтүү үчүн кошумча каттам ачууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий