• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Балыкчыда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, шаар тургундары менен жолугушуу Ички иштер министрлигинин укук бузуулардын, кылмыштуулуктун жана жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган эки айлык иш мерчеминин алкагында уюштурулду.

Иш-чарага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, район аралык авточарбалардын жетекчилери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Анда ИИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерине токтолуп, статистикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берди. Ошондой эле жол кырсыктарын алдын алууга багытталган атайын даярдалган видео тасмалар көрсөтүлүп, тиешелүү органдын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп беришти.

Ошону менен бирге жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү командасы дагы өз өнөрлөрүн тартуулашып, өспүрүмдөрдү жол эрежелерин сактоого үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий