• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ош облусунун башчысы жеке маселелер менен кайрылган тургундарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-январь күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ош облусунун тургундары турак жай, айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнө нааразылык, материалдык жардам жана жер маселелери менен кайрылышты.

Ош облусунун башчысы жарандардын көйгөйлөрүн угуп, тиешелүү адистерге жеринде барып маселелерди чечүү тууралуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, аптанын ар шейшемби күндөрү саат 14:00дө Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жеке маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий