• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Барак Обаманын баскетболдук формасы аукциондо 120 миң долларга сатылды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. АКШнын экс-президенти Барак Обаманын университеттеги баскетболдук формасы аукциондо 120 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Los Angeles Times билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Обаманын кийимин спорттук кийимдерди чогулткан адам сатып алган. Ал өзүнүн аты-жөнүн жашыруун калтырган.

Ал баскетболдук форманы аукционго экс-президент менен бирге бир университетте окуган Питер Ноубл аттуу киши койгон. Ноублдын айтымында, университеттин администрациясы аны ыргытып салмак.

Эми Ноубл аукциондон түшкөн акчанын бир бөлүгүн университетке берүүнү ойлоп жатат.

Барак Обама студент кезинде университеттик командада ойноп, штаттын жеңүүчүсү да болгон. Бирок, ал көпчүлүк учурда эс алуу отургучунда отурчу.

Пикир

Оставить комментарий