• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Электрондук кезек": Бала бакчаларга 48 миңден ашык бала жайгаштырылды

Коом 0

Бишкек, 20.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Электрондук кезек" программасы ишке киргенден бери бала бакчаларга 48 миңден ашык бала жайгаштырылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине "Электрондук кезек" программасы 2018-жылы башталып, balabakcha.edu.gov.kg сайты иштеп келет.

Аталган программанын ишке кириши менен Бишкек, Ош шаарында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ата-энелерден 115 миң 500 билдирүү келип түшкөн. Балдар бакчасына 48 миңден ашык бала жайгаштырылган.

Учурда, Билим берүү министрлигине Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү шаарлары жана Ысык-Көлдүн облусунан "Электрондук кезек" программасын кошулуу боюнча арыздар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий