"Барселона" клубу легендарлуу дарбазачы Буффонго кызыгууда

Спорт 0

Бишкек, 07.06.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "ПСЖ" клубунун дарбазачысы Джанлуиджи Буффондун келишими 30-июнда аяктайт. Буффонго бир нече клубдар кызыгууда. Бул туурасында Sports.ru басылмасы жазып чыкты.

41 жаштагы италиялык дарбазачыны Германия, Италия, Кытай жана Түркиялык "Фенербахче" өз клубдарына чакырып жатышат.

Ошондой эле, "Барселона" клубу Буффонду учурдагы дарбазачы Марка-Андре тер Стегендин ордуна карап жатышат.

Учурда "ПСЖнын" дарбазачысы кайсы клубга бараарын айта элек.

Пикир

Оставить комментарий