• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Башка бирөөнүн паспорту менен Өзбекстанга кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. “Кадамжай-унаа жолу” көзөмөл жайынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан башка бирөөнүн паспорту менен өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, документтерди текшерүү маалында 1941-жылкы Р.И., аттуу жаран Өзбекстандын башка жаранына таандык болгон паспортту көрсөткөн. Текшерүү маалында кармалган жарандын жанынан өзүнүн паспорту табылган. Ал сурамжылоо учурунда билдиргендей, анын паспортунун мөөнөтү бүтүп калгандыктан башка бирөөнүн документи менен өтүүгө аракет кылган. Кармалган жаран Өзбекстанга бара жаткан.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, жаран КР ИИМдин аймактык бөлүм кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий