• 88.68
  • 95
  • 0.95

Башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков пневмония менен ооруканага түштү

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Башкы балдар хирургу, №3 Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Ал белгилегендей, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда оор абалда келип түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

“Бүгүн анын абалы турукташып калды, бирок оор бойдон калууда. Өмүрбековго коронавирустук пневмония деген диагноз коюлду”, – деди Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий