• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ноокатта өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. Ноокат районунда жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча “Бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагында жайгашкан 5 билим берүү мекемелеринде РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, жашы жете электер инспекциясынын, милициянын аймактык тескөөчүлөрү жашы жете электер арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо максатында бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрүштү.

Ноокат районундагы мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сабакка катышуусу, ата-энеси миграцияда жүргөн окуучулардын абалы менен жакындан таанышып, алардын укуктарын коргоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп, аларды караган жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми, аз камсыз болгон үй-бүлөлөдөгү өспүрүмдөрдүн жашоо шарты, үй-бүлөлүк абалы текшерилип, маалыматтар райондогу социалдык жактан коргоо мекемесине жиберилди.

Мектептин окуучуларына кылмыштуулукту алдын алуу боюнча видео роликтер коюлуп, коронавирус илдетинен кантип сактануу боюнча сабактар өткөрүлдү. Мындай иш-чара ар жуманын шаршемби күнү өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий