• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында 4 млн 350 миң сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен муниципалдык жерлерди кайтаруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош шаардык мэриясынын 2020-жылда чыгарылган токтомунун негизинде Р.А. аттуу жаранга “Амир Темур” кичи районундагы 500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп, ага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан сотко келтирилген доо арызы толук канааттандырылып, мэриянын токтому жана мамлекеттик акт жараксыз деп табылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, 4 млн 350 миң сомду түзгөн жалпы аянты 500 чарчы метр жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий