• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө дайынсыз жоголгон 16 жаштагы кыз изделүүдө — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Нагия Имашова изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Нагия Имашова 21-февралда саат 16:30дар чамасында Сокулук айылынын Калинин көчөсүндөгү мектептен чыккан бойдон үйүнө кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы жана көзү күрөң.

Кийими: ак түстөгү күрмө, кара классикалык шым, ак көйнөк, кызыл жемпер, кышкы бут кийим.

“Нагия Имашованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-75-67, 0558 86 14 86, 0709 35-35-29 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий