• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек – Айылчиев

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргызстан өзгөчө кырдаал режиминде турат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлчүлүгүнүн эксперти Алмаз Айылчиев билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда санариптешүү министринин орун басары тарабынан айтылган маалымат туура эмес, өзгөчө кырдаал режими алына элек.

Буга чейин мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Абдисамат Сагымбаев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими алынды деп айткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими 2020-жылдын март айында киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий