Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан 610 млн сомдук мүлк мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.
Башкы прокуратуранын прокурордук чара көрүү актысынын негизинде "Ф" ЖЧКсынын (мурдагы ликеро-водочный завод) мүлк комплекси мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Алсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келип түшкөн материалдардын негизинде, жогоруда көрсөтүлгөн мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарууга негиз болгон (аукциондук комиссиянын жыйналышынын протоколдору, уставдык капиталдагы үлүштөрдү сатуу-сатып алуу келишимдери, келишимдер жана уставдык капиталдагы үлүштөрдү өткөрүп берүү) документтерди жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май районунун сотуна доо арыз келтирилип, соттук кароонун жыйынтыгы менен "Ф" ЖЧКсын уставдык капиталынын 100% үлүшү мамлекеттин менчигине кайтарылган.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине "Ф" ЖЧКсынын мүлктүк комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу боюнча прокурордук талап келтирилип, анын негизинде базар баасы 610 млн 689 миң сомду түзгөн мүлктүк комплекс мамлекеттин эсебине кабыл алынды.
Пикир
Оставить комментарий