• 87
  • 90.59
  • 0.87

Башкы прокуратура абактагы окуяга юридикалык баа берилерин айтты

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча юридикалык баа берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрдагы Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесиндеги окуя боюнча Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлүп, анда айрым соттолгондор жана айыпталуучулар тинтүү маалында мекеме кызматкерлери тарабынан күч колдонуу фактылары болгондугун билдиришкен. Бул фактылар каттоого алынып, тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү башталган.

Белгилей кетсек, Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинде мыйзамсыз сакталып жүргөн буюмдарды аныктоо максатында тинтүү иштери жүргүзүлгөн учурда айрым айыпталуучулар жана соттолгондор ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүшкөн жана бул боюнча тиешелүү документтер түзүлгөн. Тинтүү иштери учурунда жалпы 87 даана уюлдук телефон алынган, анын ичинен 68 телефон тинтүү жолу менен табылса, 19 телефонду камактагылар өз эрки менен тапшырышкан.

Ошондой эле айыпталуучулардын, соттолгондордун денесинде жаракат бар-жогун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен Жазаларды аткаруу кызматынын тиешелүү кызматкерлерине карата юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий