• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Башкы прокуратура, Жогорку сот, Юстиция министрлиги жана Адвокатуранын ортосунда меморандумга кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев “Сот процессинин катышуучулары тарабынан этикалык нормаларды, жүрүм-турум маданиятын жана өз ара кесиптик жоопкерчиликти колдонуунун жана сактоонун принциптерин киргизүү” долбоорунун алкагында тегерек столго катышты.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында Башкы прокурор Зулушев сот адилеттүүлүгүн орнотуу жолунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге токтолуп, мыйзамдуулуктун принцибин так сактоо, адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасындагы сот системасын реформалоонун негизги максаттарынын бири болуп саналаарын жана жөнөкөй жарандардын сот системасына болгон ишенимин кайтаруу, соттордун кадыр-баркын жогорулатуу мамлекет үчүн негизги милдет экендигин белгилеп өттү.

Мындан сырткары, сот процессинин жүрүшүндө катышуучуларынын өз ара кесиптик жоопкерчилигин күчөтүү боюнча жалпы жарандык укукту калыптандыруу максатында Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Адвокатуранын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумга коюлду.

Пикир

Оставить комментарий