Бишкек, 11.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан 8 миң 225 аял жана 290 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле 210 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы менен жалпысынан прокуратура органдары тарабынан 980 зомбулук фактысы катталган. 8 миң 725 күзөт ордери берилип, 190у узартылган.
“Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча 181 прокурордук акт түзүлүп, 82 кылмыш иши козголгон. 63 факт жоюлуп, 36 факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий