• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Эске сала кетсек, Курманкул Зулушев үстүбүздөгү жылдын 4-июнунда кызматынан убактылуу четтетилген.

Пикир

Оставить комментарий