• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы алмашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Жуманазаров Артурбек Беренбекович Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагалыгынан бошотулуп, анын ордуна Муканов Азамат Кеңешевич дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий