• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Башкы прокурор Зулушев эмгек жамаатына жаңы дайындалган орун басарларын тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратуранын эмгек жамаатына жаңы дайындалган орун басарларын тааныштырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 11-ноябрда башкы прокурордун бир катар орун басарлары дайындалган.

Башкы прокурор жаңы дайындалган орун басарларынын ишине ийгиликтерди каалоо менен бирге жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлерине прокурордук багыттар боюнча ишти күчөтүүнү, коррупцияны жоюуну, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мыйзамсыз алынган социалдык багыттагы объектилерди кайрадан мамлекетке кайтаруу талабын койду.

Мындан сырткары, тергөө убагындагы айыптоо актысын кабыл алууда ашыкча беренелерди угузуу практикасын токтотууну жана сотто мамлекеттик айыптоону колдоону сапаттуу алып барууну талап кылды.

Зулушев өз сөзүн жыйынтыктап жатып, прокурорлорду ишине так жана жоопкерчилик менен кызмат өтөөгө чакырып, бул өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий