• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги башкы балатыны жыйноо иштери башталды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Бишкектин борбору “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балатыны жыйноо башталды, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Жаңы жылдык жасалганы «Тазалык» жана «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат.

Белгилей кетсек, балатынын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар «Тазалык» МИсында сакталат, балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кампасында кылдаттык менен сакталат.

Эске салсак, өлкөнүн башкы балатысынын оту 2023-жылдын 15-декабрында жандырылган.

Пикир

Оставить комментарий