• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эмгек министри БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын БА боюнча өкүлү менен жолугушту

Коом 0

Бишкк. 02.04.24. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова БУУнун Борбордук Азия боюнча Жогорку комиссарынын башчысы Ханс Фридрих Шоддер, анын орун басары Думитру Липкану жана КЖКБнын КРдагы кеңсесинин башчысы Елена Гусева менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында качкындардын укуктарын коргоо маселелери, качкындардын глобалдык форумуна ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу алкагында өткөрүлүп жана пландаштырылып жаткан иш-чаралар талкууланды.

Кыргызстанда качкындардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин негизинде, министрликтин жана БУУ КЖКБнын командасы жалпы максаттарга, милдеттерге жетишүү, анын ичинде Женевадагы качкындардын глобалдык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча тыгыз иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерге берилгендигин билдирип, 20 миңден ашуун качкынды эл аралык коргоого алды.

“Сиздердин колдооңуздардын аркасында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында башпаанек издеген адамдар үчүн тутумдаштырылган маалыматтар базасын ишке киргизүү пландаштырылууда, ал качкындын статусун аныктоо жол-жобосун оптималдаштырууга жардам берет жана качкындар боюнча глобалдык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин бирин аткарууга мүмкүндүк берет. Кыргызстанда качкындардын көйгөйлөрүн жөнгө салууга, анын ичинде качкын статусун аныктоонун мыйзамдарын жана жол-жоболорун жакшыртуу жаатында ишмердүүлүк жүзөгө ашырылууда,”- деп билдирди министр Гүлнара Баатырова.

Жолугушуунун соңунда тараптар министрлик менен БУУ КЖКБнын Кыргызстандагы миссиясынын мындан аркы мамилелерин бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий