• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар. Ак-Өргөдө сквер курулууда

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Бишкектин Ак-Өргө конушунда жалпы аянты 2,4 гекарды түзгөн сквер курулууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жаңы аянтчада баскетбол аянтчасы, чакан архитектуралык формалар, балдар аянтчасы, амфитеатр,отургучтар, тротуарлар, даараткана, аймакты жашылдандыруу каралган.

Бүгүнкү күндө суу жана канализациянын түтүктөрүн жаткызуу, скважинаны бургулоо, 164 метр тереңдикте суу соргуч орнотулду, даараткананын пайдубалын кую иштери аяктады.

Учурда даараткананын дубалын орнотуу, тротуарларга бордюр жана таман таш төшөө, сугаруучу суу түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Иш Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө. “Дорстройгрупп” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий