7-ноябрь Кыргызстанда — Маалымат жана басма сөз күнү катары белгиленет. Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү, ички жана тышкы саясаты, маданият, спорт тармагы, деги эле коомдогу орун алган окуялардын, жаралып жаткан жакшы жышаан, жаңылыктар менен жетишкендиктер, ачылыштар, ийгилик менен кемчиликтерди тажабай жаза да берген калем ээлеринин коомдо орду чоң. Журналисттердин эмгегинин натыйжасында коомчулук маалымат менен камсыз болуп келет. Журналисттер жараткан макалалардын арты менен өлкөдөгү орун алган орчундуу окуялар дүйнө жүзүнө жетип, дүйнө жүзүндөгү окуялар элге жетип келе жатканы маалым. 100 жыл мурун калыптанып, бир кылымдык тарыхы бар Кыргыз басма сөзүнүн бүгүнкү абалы, деги эле Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу кеп салабыз.
Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деген бүтүм эчак эле чыгып, буга жалпы Орто Азиядагы коңшу мамлекеттер суктануусун жашырбай келе жатышат. Журналист коомчулугу жана Кыргызстанда жашаган ар бир жаран өз оюн ачык айта алат. Бул көрүнүш бүгүн эле калыптанып калган жок. Кыргыз эли дээринен эркиндикти сүйгөн эл катары эзелтен белгилүү. Кыргыз тилиндеги төл гезит аталган "Эркин Тоонун" тээ 100 жыл илгери чыккан жаңылыктарына көз чаптырсаң, сөз эркиндиги ошол кезде эле бар экендигин тастыктап турат. «Эркин Тоо» гезитинин биринчи санына Кара-кыргыз автономдуу облусу жөнүндө төмөнкүдөй макала чыккан экен.
Бул мезгилде кыргыз журналистикасы жаңыдан түптөлүп келе жаткан кез эле. Ал тургай элдин да кат-сабаты толук жоюла элек экенине карабай, коомдогу окуяларга журналисттер ачык-айкын оюн билдирип турган экен. Мына ошол көрүнүш бүгүнкүгө чейин сакталып келе жатат. Андан бери бир кылым өттү, заман өзгөрдү. Бизге эле эмес, дүйнө жүзүнө эчендеген жаңычылдыктар, мыйзамдар кирди. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет деген макам алып, демократиялуу өлкө болду. Бирок, демократия десе эле айрымдар оюма келгенди айтам деп түшүнүп алгандай сезилет. Акыркы убакта Кыргызстанда социалдык тармактар жанданып, эл жапырт интернет колдонууга өттү. Анда баары өз оюн ачык айтканы жакшы көрүнүш, бирок такталбаган маалыматтарды жазып, айрым учурда элди дүрбөлөңгө салып, кимдир-бирөөнүн аброюна шек келтирип койгон көрүнүштөр көп катталып келет. Ал эми Кыргызстанда маалыматтык манипуляция, жоопкерсиздик, адепсиздик сөз эркиндиги менен кошо өнүгүүдө. Буга көз жумуп коюуга мүмкүн эмес. Башкаларды кемсинткен ой-пикирлер жана басмырлоочу кеп-сөздөрдү көзөмөл кылбасак, жарандар ак жеринен каралоого дуушар болуп, аз убакытта өлкөдө маалыматтык башаламандык орун алышы ыктымал. Мындан улам Маданият министрлигинин алдында маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү. Эми бул борбор ЖМК жана социалдык тармактардагы маалыматтарга байкоо жүргүзүп турмакчы.
Албетте, 7 млн элдин пикирин көзөмөлдөө кыйын, бирок маалымат жагынан тартип болбосо мамлекеттүлүгүбүзгө доо кетирип алышыбыз мүмкүн. Бир эле адамдын пикири жалпы журтка кедергисин тийгизип коюусу толук мүмкүн. Демократия – бул ээн баштык же эн ооздук деген эмес. Демократиялуу мамлекетпиз деп ички мыйзамдарга баш ийбей жашай берсек, келечегибизди бүдөмүккө салып коюшубуз ыктымал. Дүйнөлүк практикада деле демократиялык мамлекеттерде ички мыйзамдары сакталып, ар бир жаран өз өлкөсүнүн эрежелерине баш ийет.
Журналисттер билим алып, журналисттик этика, маалымат чагылдырууда эки тараптуу пикир алуу, улуттар аралык кастыкты козутпоо сыяктуу журналистиканын сырларын окуп үйрөнүшөт. Чындыгында, кээде айрым кесиптештерибиз журналисттик этиканы сактабай аша чаап кеткен учурлар бар. Муну моюнга алыш керек. Бизде сөз эркиндиги бар деп, ошол эркиндикти кандай пайдаланып жатабыз деген суроо жаралат.
Сөз эркиндигинин болушу мамлекет жана коом үчүн сөзсүз оң таасирин берет. Тилекке каршы Кыргызстанда сөз эркиндигин туура эмес багытта түшүнүп алып, кезинде президенттерди да келекелеп, шылдыңдаган мезгилдер болгон. Өз элибиз ажону сыйлабай турса, башка мамлекет бизди кантип сыйлайт? Президент – бул бүткүл мамлекеттин, анда жашаган ар бир жарандын гаранты, башка өлкөдө биздин элдин жүзү болуп эсептелет. Ич ара ынтымак жок болсо, президентти мазактап отурсак Кыргызстанды тышкы саясатта эч бир мамлекет тоготпой,жүз үйрүп кетээри бышык. Андыктан, өнүгүп-өсөм деген өлкө алгач, өз ара тартипке келип, ички эрежеге баш ийип, мамлекет бекиткен мыйзамды толук сактоосу кажет. Сөз эркиндиги тууралуу эрежелер, эмнелерди айтууга боло тургандыгын жана болбой тургандыгы тууралуу эл аралык ченемдер Адам укуктарынын жалпы декларациясында да так жана даана көрсөтүлгөн.
Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, “Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Социалдык түйүндөргө жалган маалымат таратпа, бирөө жарымды далили жок каралаба, абийирине шек келтирбе. Өлкө боюнча каалаган жерде суроо-талабың болобу, сын-пикир болобу, бийликтин кемчиликтери болобу далил менен айта бер. Кемчиликтерибизди оңдойбуз, суроо-талаптарыңарды колдон келишинче чечебиз. Бийликтин кемчиликтерин айтып, бийликте отурган коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана болот,-деп айткан.
Сөз эркиндиги – жалган маалымат таратуу эмес, бул жоопкерчилик, эл аралык журналисттик кесиптин башкы принциби – бул чындык. Кыргызстанда дагы бул эрежелер сакталууга тийиш. Сөз эркиндигин туура эмес нукта колдонуп, мамлекеттин аброюн түшүрүп албоо бүгүнкү күндүн башкы милдети.
"Журналисттер союзу" коомдук бирикмесинин төрагасы Илязбек Балташевге кайрылып, кыскача суроолорубузга жооп алдык.
- Кыргызстанда сөз эркиндигинин учурдагы абалына кандай баа бересиз?
- Кыргызстандагы сөз эркиндиги мыйзамда жазылган пункттар боюнча толугу менен сакталып келе жатат. Алыс кетпей эле жакынкы кошуналар менен салыштырсак, КМШ өлкөлөрүндө алдыңкы орундабыз. Биздин коом – демократиялык, ачык коомго негизделген. Сөз эркиндиги мурунтан болгон жана мындан ары да боло берет. Демек, адамдардын оюна эч кандай чектөө коюлбайт, конститиуциялык укугу сакталат. Себеби, кыргыз элинин менталитети басымды, кысымды анчейин кабыл албаган эл. Кыргызстандагы сөз эркиндиги бар экендиги тууралуу коңшу өлкөлөрдүн аналитиктери так, даана жазып келишет. Ал эми Журналисттер союзу – журналистиканын этикасына, стандарттарына, массалык маалыматтар жөнүндөгү мыйзамга ылайык иш алып барат. Өзүнүн уставында жазылгангай, журналисттердин укугун коргоп, сөздүн эркин болушун колдойт.
Дээрлик, 2005-жылдардан тарта интернет желеси коомдо активдеше баштаган болсо, Азыркы күндө социалдык медиа биздин жашообузга активдүү кирип келгени маалым. Мунун арты менен бир гана Кыргызстан эмес, дүйнө жүзү маалыматтан башы айланып турат. Себеби кайсы маалымат такталган, кайсынысы туура эмес экендигин иргеп алуу опурталдуу болуп турган мезгил. Социалдык медиалар кандайдыр бир окуяда маалымат таратууда бир чоң күч болгону менен, ошол эле кезде адамдардын кадыр-баркына доо кетирген же жеке жашоосуна кийлигишкен маалыматтар тарап кетүүдө. Бул жерде баса белгилеп айта кетүүчү жагдай, сөз эркиндиги мыйзамдар менен таризделерин эстен чыгарбасак деген ой.
- Көз карандысыз медиаларда эмгектенген журналисттер, Кыргызстанда сөз эркиндиги чектелүүдө деп айтып келишет? Ушул тууралуу пикириңиз кандай?
- Ачык коом болгондон кийин ар кандай пикирлер айтыла берет. Журналисттердин арасында да көп түрдүү пикирлер бар. Ошол эле кезде сиз айтып жаткан көз карандысыз журналистпиз дегендер, өздөрүн көз карандысыз деп эсептегени менен, сырткы өлкөлөрдүн таасири астында күн көргөнү, сырттан келген гранттар менен жашаганы баарына белгилүү. Андыктан алар өздөрүн көз карандысыз деп айтканына, мен журналист катары жана жаран катары кошула албайм. Ошол эле учурда Журналисттер союзунун төрагасы катары айтаарым, журналистикада эч качан бир пикирге келбейт. Мындайча айтканда, бир пикирдүүлүк журналистикага жат көрүнүш. Журналистикада тилектештик гана бар,-деди ал.
Диана Айдарова, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий