• 87
  • 90.41
  • 0.84

Батир жана 300 миң сом. Республикалык сынакта жеңген мугалимдердин тизмеси

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Бүгүн “Ынтымак Ордо” резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык сынакта жеңүүчү аталган мыкты мугалимдерге жана тарбиячыларга батирдин жана акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Сынактын жыйынтыгы боюнча “Жылдын мыкты мугалими” жана батирдин сертификатынын ээси ОшМУнун “Билим” лицейинин математика мугалими Назгүл Каныбекова болду. “Жылдын мыкты тарбиячысы” Махабат Калмаматовага 300 миң сомдун сертификаты тапшырылды.

Сынакта жеңүүчү болгон башка мугалимдердин тизмеси:

  • Рыскелдиева Атыргүл - кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими, 300 миң сом;
  • Жумукова Бүбүайша - математиканын мыкты мугалими, 300 миң сом;
  • Балтабаева Гүлнур - башталгыч класстардын мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Алмаз кызы Мээрим - орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Заидов Азирет - тарыхтын мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Калтаева Чолпон - чет тилинин мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Марат уулу Нуристан - географиянын мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Көчкөнбаева Сайрагүл - диндердин өнүгүү тарыхы предметинин мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Байдалиев Мирзат - көркөм-сүрөт чыгармачылыгы боюнча мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Кубаталиева Насип - жылдын мыкты методисти, 200 миң сом;
  • Сулайманова Аида - мамлекеттик тилдин мыкты мугалими, 200 миң сом;
  • Дүйшөналиев Жумабек - мыкты музыкалык кызматкер, 200 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий