Баткен: Кызыл-Кыядагы “Динамо” тигүү цехинде 6 миң беткап даярдалат

Аймак 0


Бшкек, 22.03.20. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Динамо” тигүү цехинде 6 миң беткап даярдалат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жергиликтүү тигүү цехтери менен биргеликте беткаптарды тигип жатат.

Шаар мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, калаадагы “Динамо” тигүү цехи менен түзүлгөн келишимге ылайык, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлүнүп, 6000 беткап даярдалат. “Ал беткаптар саламаттыкты сактоо мекемелерине жана санитардык-карантиндик көзөмөлдөө постторунда турган кызматкерлерге берилет. Даярдалган беткаптар жергиликтүү дарыканаларда арзан баада сатылат”, - деп айтылат маалыматта.

Мындай иш-аракеттер облусттун башка район-шаарларында да аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий