Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Баткенде үстүбүздөгү жылдын 24-майынан бери дайынсыз болуп жаткан аял табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнда Баткен районунун Самаркандек айылынын 53 жаштагы жашоочусу Батма Назаркулова аман-эсен табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди.
Пикир
Оставить комментарий