Баткен облусу БУУӨП жана KOICA менен 50 млн долларлык долбоорду ишке ашырууда

Коом 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлү Ён-Вуг Чой жана БУУнун программалар боюнча өкүлү Джихеа Кимди кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, аталган уюмдар менен Баткен облусунун ортосунда "Баткен облусунун климатка туруктуу айыл чарбасы үчүн жергиликтүү аракеттер жана маалыматка негизделген суу ресурстарын комплекстүү башкаруу" долбоору ишке ашырылууда.

Буга чейин долбоордун концепциясы жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Беш жылда ишке ашыруу көздөлүп жаткан долбоордун баасы 50 млн долларды түзөт.

"Биз БУУӨП жана KOICA менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Сиздер менен кызматташуу маселелерин талкуулоого дайыма ынтызарбыз. Бул долбоор биз үчүн өтө маанилүү. Анткени Баткен агрардык аймак. Ошондуктан суу биздин негизги байлыгыбыз, сууну мезгил талабына жараша пайдалануу абдан маанилүү", - деген Алимбаев аталган долбоор келечекте өз жемишин берет деген ишеничин айтты.

Ошондой эле тараптар алдыда пландалган сууну туура бөлүштүрүү менен максаттуу пайдалануу аракеттери климаттын жылуулануу тенденциясынан улам, кургакчылыктын кесепети болгон сугат суунун олуттуу тартыштыгын алдын алууда зор өбөлгө болорун белгилешти.

Белгиленгендей, долбоорго Баткен, Кадамжай жана Лейлек районунун бир катар айыл өкмөттөрү пилоттук негизде тандалган. Долбоордун алкагында аталган аймактарда суу таңкыстыгы көйгөйүн жеңилдетүү маселелерине көңүл бурулат. Сууну үнөмдүү пайдалануу, тамчылатып сугаруу ыкмасын жайылтуу, суу жетпеген дың жерлерди өздөштүрүү каралууда.

Пикир

Оставить комментарий