• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Түндүкэлектр" Жаңы жылда электр энергиясыз калбоо үчүн төлөмдөрдү алдын ала жүргүзүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. "Түндүкэлектр" ишканасы 1-7-январда электр жарыксыз калбаш үчүн төлөмдөрдү алдын ала жүргүзүүгө чакырат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

"Түндүкэлектр" ишканасы оңдоо иш-чараларына, авариялык учурларга түшүнүү менен карап, керектелген электр энергияга өз учурунда төлөм жүргүзгөн жана акционердик коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтарган абоненттерге ыраазычылыгын билдирет.

"Акылдуу" эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүкэлектр" ишкананын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Төлөмдөрдү "Quickpay", "Pay24", "UMAI", "Terempay", "KICB", "БТА Банк" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "Элсом", "UMAI" электрондук капчыктарынан, "Кыргызпочтасы", "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "Кыргызстан коммерциялык банкынын" кассаларынан жүргүзүүгө болот.

Мындан сырткары, электр энергияга болгон төлөмдү Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан Тейлөө борборунан жүргүзсө болот. Абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Тейлөө борбору иш күндөрү тыныгуусуз саат 08:00дөн 17:00гө чейин, ишемби күнү саат 08:00дөн 12:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий