• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Алмамбет Шыкмаматов мандатын тапшырды. БШКдан кийинки талапкердин ысымын айтышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. «Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов БШКга мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып кайрылган. Аталган маалыматты «Кабар» агенттигине БШКдан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, арыз бүгүн эртең менен келип түшкөн.

Эске салсак, бүгүн БШКнын жыйыны өтүп, анда бир катар маселелер каралат.

БШКдан кабарлашкандай, Шыкмаматовдун ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келиши ыктымал.

Айрым ММКлардын маалыматына таянсак, Алмамбет Шыкмаматов «Ата-Мекен» партиясынын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев менен болгон өз ара пикир-келишпестиктен улам мандатын тапшырууну чечкен.

Пикир

Оставить комментарий